وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِـۧمُ رَبِّ أَرِنِى كَيْفَ تُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ قَالَ أَوَلَمْ تُؤْمِن قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِن لِّيَطْمَئِنَّ قَلْبِى قَالَ فَخُذْ أَرْبَعَةً مِّنَ ٱلطَّيْرِ فَصُرْهُنَّ إِلَيْكَ ثُمَّ ٱجْعَلْ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٍ مِّنْهُنَّ جُزْءًا ثُمَّ ٱدْعُهُنَّ يَأْتِينَكَ سَعْيًا وَٱعْلَمْ أَنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин, Ибрахим: "Оо, Раббим! Мага өлүктөрдү кандай тирилтээриңди көргөз" дегенде, (Аллах): "Ишенбей жатасыңбы?" деди. Ибрахим айтты: "Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн (сурап жатамын)". (Аллах) айтты: "Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүңө жакындатып (союп, жиликтеп,) ар бир тоого алардын бөлүктөрүн (чачып) ташта. Анан аларды (өз аттары менен) чакыр – сага тез (учуп) келишет. Жана билип койгун, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.