caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 25-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:25

وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ كُلَّمَا رُزِقُوا۟ مِنْهَا مِن ثَمَرَةٍ رِّزْقًا قَالُوا۟ هَٰذَا ٱلَّذِى رُزِقْنَا مِن قَبْلُ وَأُتُوا۟ بِهِۦ مُتَشَٰبِهًا وَلَهُمْ فِيهَآ أَزْوَٰجٌ مُّطَهَّرَةٌ وَهُمْ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы иштерди жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан бейишти сүйүнчүлө! Алар ар качан ырыскы катары бейиштен кайсы бир мөмө берилчү болсо: «Бизге бул мурда берилген болчу» - дешет. Аларга (көрүнүшү жана түсү дүйнөдөгүгө) окшош (бирок даамы тап-такыр окшобогон) мөмөлөр берилет. Алар үчүн бейиште таза-аруу жубайлар бар. Алар анда түбөлүк калышат.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70