caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 5-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:5

وَلَا تُؤْتُوا۟ ٱلسُّفَهَآءَ أَمْوَٰلَكُمُ ٱلَّتِى جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمْ قِيَٰمًا وَٱرْزُقُوهُمْ فِيهَا وَٱكْسُوهُمْ وَقُولُوا۟ لَهُمْ قَوْلًا مَّعْرُوفًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Түпкүлүгү жетимдердин мурас мүлкү болгон, бирок, силер убактылуу иштетип турган) мал-мүлкүңөрдү акылы толук эместерге карматпагыла. Ал мүлктү Аллах силер (жана жетимдер) үчүн турмуш тиреги кылып койду. Жана ал мүлктөн жетимдерди жедирип-ичирип, кийинткиле. Жана аларга ширин сөз сүйлөгүлө.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70