caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 217-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:217

يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلشَّهْرِ ٱلْحَرَامِ قِتَالٍ فِيهِ قُلْ قِتَالٌ فِيهِ كَبِيرٌ وَصَدٌّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَكُفْرٌۢ بِهِۦ وَٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ وَإِخْرَاجُ أَهْلِهِۦ مِنْهُ أَكْبَرُ عِندَ ٱللَّهِ وَٱلْفِتْنَةُ أَكْبَرُ مِنَ ٱلْقَتْلِ وَلَا يَزَالُونَ يُقَٰتِلُونَكُمْ حَتَّىٰ يَرُدُّوكُمْ عَن دِينِكُمْ إِنِ ٱسْتَطَٰعُوا۟ وَمَن يَرْتَدِدْ مِنكُمْ عَن دِينِهِۦ فَيَمُتْ وَهُوَ كَافِرٌ فَأُو۟لَٰٓئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَٰلُهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَأُو۟لَٰٓئِكَ أَصْحَٰبُ ٱلنَّارِ هُمْ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенден “шахрул-харам” айларында согушуу жөнүндө сурашат.[1] Айткын: “Бул айларда согушуу оор күнөө. А бирок, (мушриктердин мусулмандарды) Аллахтын жолунан, “Масжид-ал-Харамдан” тосуулары, Ага (Аллахка) каапыр болуулары, жана анын (Масжид аль-Харамдын) жашоочуларын андан чыгарып жиберүүлөрү Аллахтын алдында (шахрул-харамда согуш кылуудан) чоңураак (күнөө). Фитна (Аллахтын жолунан тосуу) адам өлтүрүүдөн чоңураак (күнөө)! Алар эгер колунан келсе, силерди диниңерден кайтарып жибергенге чейин, силерге каршы согушун уланта беришет. Эми, кимиңер дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө, дүйнө-акыреттеги жакшы амалдарынын бардыгы күйүп кетет жана алар тозок ээлеринен болуп, анда түбөлүк калышат.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70