caseriqКуранда маани боюнча издөө

Yusuf сүрөсү, 31-аят

Мекке · түшүү тартиби 53 · 12:31

فَلَمَّا سَمِعَتْ بِمَكْرِهِنَّ أَرْسَلَتْ إِلَيْهِنَّ وَأَعْتَدَتْ لَهُنَّ مُتَّكَـًٔا وَءَاتَتْ كُلَّ وَٰحِدَةٍ مِّنْهُنَّ سِكِّينًا وَقَالَتِ ٱخْرُجْ عَلَيْهِنَّ فَلَمَّا رَأَيْنَهُۥٓ أَكْبَرْنَهُۥ وَقَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ وَقُلْنَ حَٰشَ لِلَّهِ مَا هَٰذَا بَشَرًا إِنْ هَٰذَآ إِلَّا مَلَكٌ كَرِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Вазирдин аялы) алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп, (дасторконду ар түрдүү мөмө-жемиштер менен толтуруп, мөмөлөрдү кесип жеш үчүн) ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): “Алардын алдына чык” - деди. Аны көргөндө улуктап, (акыл-эстерин тап-такыр жоготкондон улам мөмө-жемиш кескендин ордуна) өз колдорун кесе башташты. Жана: “О, (кемчилдиктен) Таза Аллах! Бул адам эмес, кереметтүү периштенин өзү го!” дешти.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70