caseriqКуранда маани боюнча издөө

At-Talaaq сүрөсү, 6-аят

Медина · түшүү тартиби 99 · 65:6

أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنتُم مِّن وُجْدِكُمْ وَلَا تُضَآرُّوهُنَّ لِتُضَيِّقُوا۟ عَلَيْهِنَّ وَإِن كُنَّ أُو۟لَٰتِ حَمْلٍ فَأَنفِقُوا۟ عَلَيْهِنَّ حَتَّىٰ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ وَأْتَمِرُوا۟ بَيْنَكُم بِمَعْرُوفٍ وَإِن تَعَاسَرْتُمْ فَسَتُرْضِعُ لَهُۥٓ أُخْرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга[1] мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле[2] жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70