وَمِنَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓا۟ إِنَّا نَصَٰرَىٰٓ أَخَذْنَا مِيثَٰقَهُمْ فَنَسُوا۟ حَظًّا مِّمَّا ذُكِّرُوا۟ بِهِۦ فَأَغْرَيْنَا بَيْنَهُمُ ٱلْعَدَاوَةَ وَٱلْبَغْضَآءَ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ وَسَوْفَ يُنَبِّئُهُمُ ٱللَّهُ بِمَا كَانُوا۟ يَصْنَعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov“Биз – насаараларбыз”[1] деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп коюшту.[2] Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душмандык жана жек көрүү салып койдук. Жакында Аллах аларга жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)