caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 92-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:92

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ أَن يَقْتُلَ مُؤْمِنًا إِلَّا خَطَـًٔا وَمَن قَتَلَ مُؤْمِنًا خَطَـًٔا فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُّؤْمِنَةٍ وَدِيَةٌ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُوا۟ فَإِن كَانَ مِن قَوْمٍ عَدُوٍّ لَّكُمْ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُّؤْمِنَةٍ وَإِن كَانَ مِن قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَٰقٌ فَدِيَةٌ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ وَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُّؤْمِنَةٍ فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ تَوْبَةً مِّنَ ٱللَّهِ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМомун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса - (атайлап) өлтүрүүсү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн жуу үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллах тарабынан тообосу кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.[1]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70