caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 25-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:25

وَمَن لَّمْ يَسْتَطِعْ مِنكُمْ طَوْلًا أَن يَنكِحَ ٱلْمُحْصَنَٰتِ ٱلْمُؤْمِنَٰتِ فَمِن مَّا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُكُم مِّن فَتَيَٰتِكُمُ ٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَٰنِكُم بَعْضُكُم مِّنۢ بَعْضٍ فَٱنكِحُوهُنَّ بِإِذْنِ أَهْلِهِنَّ وَءَاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِٱلْمَعْرُوفِ مُحْصَنَٰتٍ غَيْرَ مُسَٰفِحَٰتٍ وَلَا مُتَّخِذَٰتِ أَخْدَانٍ فَإِذَآ أُحْصِنَّ فَإِنْ أَتَيْنَ بِفَٰحِشَةٍ فَعَلَيْهِنَّ نِصْفُ مَا عَلَى ٱلْمُحْصَنَٰتِ مِنَ ٱلْعَذَابِ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِىَ ٱلْعَنَتَ مِنكُمْ وَأَن تَصْبِرُوا۟ خَيْرٌ لَّكُمْ وَٱللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силерден кимиңер азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүү үчүн мүмкүнчүлүк таппаса, анда кол астыңардагы ыймандуу күң аялдардан (бирден төрткө чейин) үйлөнө берсин. Аллах силердин ыйманыңарды(н даражасын) жакшы Билүүчү. Бири-бириңерден (тарагансыңар) Алардан (күң аялдардан) ыйбалуу, зына кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпаган аялдарга кожоюндарынын уруксаты менен үйлөнө бергиле жана махырларын жакшылап төлөгүлө. Эгер (эрге тийип,) башы байлангандан кийин зына кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул (күңдөргө уруксат берүү) силердин араңардан бойдокчулук азабына чыдай албагандар үчүн. Ал эми, (азат аялдын махырына кудуретиңер жеткенге чейин) сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70