caseriqКуранда маани боюнча издөө

Hud сүрөсү, 17-аят

Мекке · түшүү тартиби 52 · 11:17

أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٍ مِّن رَّبِّهِۦ وَيَتْلُوهُ شَاهِدٌ مِّنْهُ وَمِن قَبْلِهِۦ كِتَٰبُ مُوسَىٰٓ إِمَامًا وَرَحْمَةً أُو۟لَٰٓئِكَ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَمَن يَكْفُرْ بِهِۦ مِنَ ٱلْأَحْزَابِ فَٱلنَّارُ مَوْعِدُهُۥ فَلَا تَكُ فِى مِرْيَةٍ مِّنْهُ إِنَّهُ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиси тарабынан анык далилди (Куранды) кармаган, ал далилин Рабби тарабынан (дагы бир) күбө (таза акыл) коштогон, андан мурдараак жолбашчы жана ырайым болгон Мусанын Китеби (Тоорат дагы тастыктаган) адамдар (Мухаммад саллаллоху алайхи ва салам жана аны ээрчигендер туура жол табуучубу же далил кармабай эле адашып жүргөндөрбү?) Ошол (далил кармаган) адамдар ага (Куранга) ыйман келтиришет. (Ар түрдүү) тайпалардан ким буга каапыр болсо ага убада кылынган жер – тозок. Сен (О, Мухаммад) андан күмөн санаба. Ал – Раббиңден келген Акыйкат. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70