وَإِذَا حَضَرَ ٱلْقِسْمَةَ أُو۟لُوا۟ ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَٰمَىٰ وَٱلْمَسَٰكِينُ فَٱرْزُقُوهُم مِّنْهُ وَقُولُوا۟ لَهُمْ قَوْلًا مَّعْرُوفًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер мурас бөлүштүрүү(нүн үстүн)дө (мураскор эмес) тууган-уруктар, жетимдер жана жакырлар болуп калса, аларга да мурастан ырыс-кешик бергиле жана аларга ширин сөздөрдөн сүйлөгүлө.