caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 76-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:76

وَإِذَا لَقُوا۟ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ قَالُوٓا۟ أَتُحَدِّثُونَهُم بِمَا فَتَحَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ لِيُحَآجُّوكُم بِهِۦ عِندَ رَبِّكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кээ бир мусулмандардын үмүт кылгандары жөн жеринен эмес эле. Анткени, алардын арасындагы эки жүздүүлөрү): ыймандуу кишилерге жолуккан кезде “Биз ыйман келтирдик” дешет. Эгер өздөрүнчө калышса “Эмне, аларга (мусулмандарга) Аллах силерге (Тоорат китебинде) ачык айткан нерсе жөнүндө Раббиңердин алдында өзүңөргө (каршы) далил келтирүүлөрү үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” - дешет.[1]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70