وَقِيلَ يَٰٓأَرْضُ ٱبْلَعِى مَآءَكِ وَيَٰسَمَآءُ أَقْلِعِى وَغِيضَ ٱلْمَآءُ وَقُضِىَ ٱلْأَمْرُ وَٱسْتَوَتْ عَلَى ٱلْجُودِىِّ وَقِيلَ بُعْدًا لِّلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кийин Аллахтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “залымдарга өлүм!” деген наалат айтылды.