caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Hujuraat сүрөсү, 12-аят

Медина · түшүү тартиби 106 · 49:12

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱجْتَنِبُوا۟ كَثِيرًا مِّنَ ٱلظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ ٱلظَّنِّ إِثْمٌ وَلَا تَجَسَّسُوا۟ وَلَا يَغْتَب بَّعْضُكُم بَعْضًا أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَن يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ تَوَّابٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында кээ бир күмөндөр күнөө.[1] Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?![2] Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тооболорду Кабылдоочу, Боорукер!
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70