إِنَّ ٱللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَن تُؤَدُّوا۟ ٱلْأَمَٰنَٰتِ إِلَىٰٓ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُم بَيْنَ ٱلنَّاسِ أَن تَحْكُمُوا۟ بِٱلْعَدْلِ إِنَّ ٱللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُم بِهِۦٓ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ سَمِيعًۢا بَصِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат. Эгер адамдардын арасында өкүм кылуучу болуп калсаңар, (Аллах көрсөткөндөй) адилдик менен өкүм чыгарууга буюрат. Албетте, Аллах, силерге эң жакшы нерселерди насаат кылды. Аллах - Угуучу, Көрүүчү.