وَقَالَ ٱلْمَلِكُ إِنِّىٓ أَرَىٰ سَبْعَ بَقَرَٰتٍ سِمَانٍ يَأْكُلُهُنَّ سَبْعٌ عِجَافٌ وَسَبْعَ سُنۢبُلَٰتٍ خُضْرٍ وَأُخَرَ يَابِسَٰتٍ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَأُ أَفْتُونِى فِى رُءْيَٰىَ إِن كُنتُمْ لِلرُّءْيَا تَعْبُرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПадыша айтты: “Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп койду. Жана жети даана жашыл машак менен андан башка (жети даана) куурагандарын көрдүм. Кана, оо, эл-журт, эгер түш жоруучу болсоңор, менин ушул түшүмдү жоруп бергиле. (Мамлекет падышасынын бул түшүн сарай адамдарынын эч кимиси жоруй албай:)