قَالَ يَٰقَوْمِ أَرَهْطِىٓ أَعَزُّ عَلَيْكُم مِّنَ ٱللَّهِ وَٱتَّخَذْتُمُوهُ وَرَآءَكُمْ ظِهْرِيًّا إِنَّ رَبِّى بِمَا تَعْمَلُونَ مُحِيطٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Шуайб) айтты: «Оо, коомум! Силерге менин уруу-жамаатым Аллахтан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар?! Менин Раббим бардык ишиңерди ороп (билип) алуучу.