وَكُلًّا نَّقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنۢبَآءِ ٱلرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِهِۦ فُؤَادَكَ وَجَآءَكَ فِى هَٰذِهِ ٱلْحَقُّ وَمَوْعِظَةٌ وَذِكْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү – сабактар бар.